07.04.2018 12:27

Бүгүн Апрель революциясынын курмандыктары эскерилди

Бүгүн Апрель революциясынын курмандыктары эскерилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 7-апрелде элдик Апрель революциясында курман болгон баатырларды эскерди.

Мамлекет башчысы «Ата-Бейит» мемориалдык комплексинде 2010-жылы Апрель окуяларында курман болгондорду эскерүү мемориалдык дубалынын таманына гүл койду. Гүл коюлгандан кийин курман болгондордун элесине арналып куран түшүрүлдү.

Иш-чарага Жогорку Кенештин Төрагасы Дастан Жумабеков, Премьер-министр Сапар Исаков, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун төрайымы Айнаш Токбаева, экс-президент Роза Отунбаева, 2010-жылы 7-апрелде курман болгондордун жана жабыркагандардын туугандары, элдик Апрель окуяларынын катышуучулары, Жогорку Кенештин депутаттары, Өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдардын жетекчилери жана коомчулук өкүлдөрү катышты.

“Ата-Бейит” мемориалдык комплексинен кийин Президент Сооронбай Жээнбеков «Ала-Тоо» аянтындагы 2002-жылы Аксы окуяларында жана 2010-жылы Апрель окуяларында эл эркиндиги үчүн курман болгондорду эскерүү Монументине гүл койду.