26.04.2018 11:35

Бүгүн Бишкекте 162 үй-бүлө батирлүү болду

Бүгүн Бишкекте 162 үй-бүлө батирлүү болду

Мамлекеттик кызматтарда иштегендер, мугалимдер жана дарыгерлер бүгүн  жаңы батирлүү  болушту. Бишкектеги  Туңгуч кичирайонунда 162 батирлүү көп кабаттуу турак-жайдын ачылышы өттү.

Бишкек мэри Албек Ибраимов  конуш ээлерин куттуктап, шаар бийлиги үчүн муниципалдык турак-жай куруу артыкчылыктуу багыттардан экенин билдирди.

Анын айтымында, жаңы үйдүн чарчы метри 21 миң 600 сомдон айланды. Бул батирлер үлүштүк курулуштун жеңилдетилген шарттары менен берилген.  Батир ээлери келишим түзүп жатканда батир наркынын үчтөн бир бөлүгүн дароо төлөшү керек болгон. Үйгө кирип жатканда дагы 30 пайызын. Калган 40 пайызын 5 жыл ичинде төлөп бүтүшкөн. 

Үйдүн ички бетин  жасоо иштерин жана сантехникалык шаймандарды орнотууну  тургундар өздөрү  аткарышкан.

Мындай үлүштүк курулушка Бишкек шаарында эмгектенген, көп батирлүү үйдүн үлүштүк курулушуна өз ыктыяры менен катышууга даяр, менчигинде турак үйү же Бишкек шаарынын аймагында жеке турак үй куруу үчүн жер тилкеси жок КР баардык жарандары катыша алышат.