13.04.2018 11:13

Бүгүн эки фракция Сапар Исаковдун жоктугунан отурумду үзгүлтүккө учуратышты

Бүгүн эки фракция Сапар Исаковдун жоктугунан отурумду үзгүлтүккө учуратышты

«Республика – Ата Журт» жана  «Өнүгүү-Прогресс» фракциялары өкмөт башчы Сапар Исаковдун келбегенине байланыштуу отурумду жылдырды.  

Депутаттар өкмөттүн отчету менен вице-премьер тааныштырышын каалашкан жок. Депутат Мирлан Бакиров мыйзам боюнча премьер-министр эл өкүлдөрүнүн алдында өзү отчет бериши керек экенин айтты.  

Буга жооп кылып өкмөт өкүлү Сапар Исаков азыр Чүй облусунда иштери менен жүргөнүн, андыктан келе албасын, башка өкмөт мүчөлөрү депутаттардын бардык суроолоруна жооп берүүгө даяр экенин  билдирди.   

Буга ынабаган эл өкүлдөрү өкмөт башчыны күтүүнү чечип, тарап кетишти.