05.04.2018 09:40

«Центерра Голд Инк.» компаниясы өлкөдө жаңы геологиялык чалгындоолорду жүргүзүү ниетинде

«Центерра Голд Инк.» компаниясы өлкөдө жаңы геологиялык чалгындоолорду жүргүзүү ниетинде

Сапар Исаков  «Центерра Голд Инк.» компаниясынын аткаруучу директору Скот Перри менен жолукту. Өкмөт башчы Кыргыз Республикасы жана «Центерра Голд Инк.» 2017-жылдын 11-сентябрында кол коюлган Стратегиялык келишимдин шарттарын өз маалында  аткарып жатканын белгиледи.

Скот Перри  «Кумтөр Голд Компаниде» Кумтөр кенинин тегерегиндеги экологиялык абалды жакшыртуу боюнча буга чейин Кыргыз Өкмөтү тарабынан көз карандысыз эл аралык экологиялык консультант катары тартылган AMEC компаниясынын бардык сунуштамаларын аткаруу боюнча чоң иш жасалганын айтты.  Эске салсак, жаңы келишимге ылайык жыл сайын алынуучу экологиялык төлөм 310 миң АКШ долларынан 3 млн АКШ далларына чейин жогорулатылган.

Сапар Исаков кен жерин иштетүүнүн мөөнөтүн узартуу маселесин белгиледи.  Адистердин талдоосу жана бардык расмий документтер боюнча Кумтөрдүн  иштөөсүнө 8-10 жыл калды.

Буга байланыштуу Скот Перри компания  кенди иштетүүнү улантуу үчүн мындан аркы геологиялык чалгындоого дээрлик 26 млн АКШ доллар кошумча инвестицияларды салууга ниеттенип жаткандыгын тастыктады.

«2012-жылдан баштап Кыргыз Өкмөтү жана компания ортосундагы белгилүү бир түшүнбөстүктөр орун алганына байланыштуу биз тараптан геологиялык чалгындоого каражаттар салынбай келген. Жаңы келишимдин түзүлүшү менен биз геологиялык чалгындоого инвестицияларды жумшоо тууралуу чечим кабыл алдык», – деди Скот Перри.