02.05.2018 11:38, Аман Бакиров

"Центерранын" жообу: Кумтөр сатылбайт

"Центерранын" жообу: Кумтөр сатылбайт

Кумтөр сатылбайт! Бул боюнча расмий түрдө Канаданын Торонто шаарындагы Центерра компаниясы Улуу Британияда катталган "Чараат Голд Холдинг Лимитед" компаниясынын сунушуна жооп берген.

Белгилей кетсек, "Чараат Голд" компаниясы Кумтөр кенин 800 миллион долларга сатып алаарын жар салып, Центеррага кат жолдогон. Ага байланыштуу Канадалык инвесторлор Чараат компаниясы менен байланышып, Кумтөр кени Кыргыз өкмөтү менен бирге иштетилээрин жана ал сатылбай турганын айткан.

Бул боюнча маалыматты Центерра компаниясы өзүнүн расмий сайтына да жайгаштырган. Жер казынасын иштетүү боюнча мамлекеттик комитетке дагы "Чараат" компаниясынан Кумтөрдү сатып алуу боюнча эч кандай расмий сунуш тушпөгөнүн мекемеден билдиришти.

Ал эми Центерранын эң ири акционери “Кыргызалтындын” жообу азырынча белгисиз.