19.07.2018 10:44

Чач-тарач же дүкөндөрдө кыргыз ыр коюлса, ырчыга акча төлөп берүү демилгеси көтөрүлүүдө

Дагы бир ишке ашуусу арсар болгон мыйзам долбоорлорунун бири – улуттук ырларды угуп, акча тапкандар бурчка такалды. Өкмөт эми артисттердин гонорарын мейманкана жана чач тарачтардан өндүрмөй болду. Тиешелүү токтомго өзгөртүүлөрдү интелектуалдык мүлк кызматы иштеп чыккан. Ар бир мейманкана жана сулуулук салону кыргызча ыр койгондугу үчүн эми акчага жыгылат.