04.04.2018 11:22

Чапчаң чабандестин ат үстүндөгү кызыктары

Аламан байгеде аргымактын алдыга келиши бир гана саяпкерден эмес, ат үстүндөгү азаматтан да көз каранды. Алар керектүү жерден тизгин тартып, маалына келгенде ат ооздугун коё бериши керек. Чабандестердин негизги максаты-- ээр үстүнө жөн эле кармануу эмес, алыскы аралыкка күлүк күчүн туура бөлүштүрө билүү.  Ат жалында ойноп, шамал менен тең жарышкан чабандес Жаныбек Дүйшөбаев жөнүндө April.kg кабарчысы Айнура Исмаилова баяндайт.