21.06.2018 09:42

Чаткал районунда сел жүрдү

Чаткал районунда сел жүрдү

Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Сумсар айыл аймагында 2018-жылдын 20-июнь күнү саат 20:00 чамасында катуу жааган жаандын кесепетинен Жунус айылындагы жылгадан сел жүрүп, Сумсар айылынан Шакафтар айылына баруучу ички чарбалык унаа жолдун 4 метр жерин жууп кеткен, ошондой эле Жунус айылында 1 турак үйдүн сарайын сел каптаган. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Мындан сырткары Кызыл-Коргон айылынан Лагерь айылына баруучу унаа жолдун 8-10 метр аралыгын каптап, 1 көпүрөнүн капталын сел суулары агызып, жол каттамы жабылган.

Кырсык болгон жерге Чаткал районунун акими Канжарбек Эшалиев жана КР ӨКМнин Чаткал району боюнча бөлүмүнүн башчысы капитан Сулайманов барышып, абалды жеринен көрүштү.

Кырсыктын кесепеттерин жоюуга айыл аймактан 1 жүктөгүч, 1 самосвал тартылып, Сумсар айылынан Шакафтар айылына баруучу ички чарбалык унаа жол тазаланып, бир тараптка ачылган. Ал эми Кызыл-Коргон айылынан Лагерь айылына баруучу унаа жол №17 жол тейлөө ишканасы тарабынан бүгүн, 21-июнь күнү калыбына келтирилет.