16.04.2018 18:07

Чек арачылар эми видеорегистратор тагынып, кызмат өтөшөт

Чек арачылар эми видеорегистратор тагынып, кызмат өтөшөт

Кыргыз-өзбек чек арасындагы «Достук-автодорожный» өткөрүү пунктунда чек ара кызматкерлери эми төштөрүнө видеорегистратор тагынып, кызмат өтөшөт.

Оң тарапка тагылган видеорегистратор өткөрүү пунктундагы абалды, элдин агымын  тасмага түшүрүп турат. Анда үндү жазуучу микрофон дагы бар.

«Бул мамлекеттик чек араны кесип өтүп жаткан жарандарга жагымдуу шарт түзүү максатында жасалууда. Ошондой эле, чек арадагы коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын-алуу максатын көздөйт. Колдонуп баштаган биринчи күндөн тартып эле, чек араны кесип өтүп жаткандар жана  кезек күтүп тургандар  арасында тартип байкалып баштады », - деп билдиришет башкармалыктан.

Өткөрүү пунктунда талаш маселе жаралып калса, видеорегистратордогу тасманы далил катары пайдаланууга болорун айтышат. 

Келечекте мекеме «Маданият-автодорожный»  өткөрүү бекетине видеокамера коюуну пландоодо.