09.07.2018 13:41

Чек арачылар Кыргызстан аймагына малын жайып жиберген өзбек жарандарын кармады

Чек арачылар Кыргызстан аймагына  малын жайып жиберген өзбек жарандарын  кармады

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Бетегелик аймагында 800 баш кой-эчки, 116 бодо мал жана 2 жылкыны Кыргызстандын аймагында жайып жүргөн 11 өзбек жараны кармалды. Бул туурасында Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя 8-июль күнү болгон. Чатыр тигип жаткан жеринен кармалган коңшу өлкө жарандары сурак учурунда Кыргызстандын аймагына адашып кирип алышканын айтышкан. Жарандар жайып жүргөн малы менен кошо өзбек  чек арачыларына өткөрүлүп берилди.