13.08.2018 13:12

Чек арачыларды алдайм деген шылуундар кармалды

Чек арачыларды алдайм деген шылуундар кармалды

«Чалдыбар-автожол» өткөрүү бекетинде мамлекеттик чек араны бузуу аракети үчүн эки кыргыз жараны кармалды. Бул туурасында Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти. 

1985-жылкы Э.А., аттуу кыргыз жараны «Чалдыбар-автожол» өткөрүү бекетине «Mercedes-Benz» үлгүсүндөгү унаа менен келип токтогон. Өзү паспорт көзөмөлүнөн өтүп жаткан түр көрсөтүп,  Казакстан аймагындагы өткөрүү пунктун көздөй бет алган. Бул учурда башка кыргыз жараны, 1994-жылы туулган Н.Н. «Чалдыбар-автожол» өткөрүү бекетинен паспорттук көзөмөлдөн өтүп чыгып, «Mercedes-Benz» унаасын көздөй жөнөгөн. Чек арачылар унаа айдоочусунун алмашып калганын байкап, экөөнү тең кармады.  

Текшерүү учурунда Э.А. аттуу жаранга өлкөнүн тийиштүү органдары тарабынан өлкөдөн чыгууга тыюу салынганы, мындан улам, ал көзөмөл өтүүдөн качканы белгилүү болду.

Керектүү документтер толтурулган соң, мыйзам бузуучулар ИИМдин аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.