10.07.2018 14:02

Чек арадан бөтөн паспорт менен өтүүгө аракет кылган өзбек жараны кармалды

Чек арадан бөтөн паспорт менен өтүүгө аракет кылган өзбек  жараны кармалды

«Кадамжай-автожол» өткөрүү пунктунан мамлекеттик чек арадан бөтөн паспорт менен өтүүгө далалат кылган Өзбекстандын жараны кармалды. Бул туурасында Мамлекеттик чек ара кызматынын маалымат кызматынан билдиришти. 

Өзбекстан Республикасынын 1973-жылы туулган  Г.С., аттуу жараны Кыргызстан аркылуу Фергана шаарынан Сох районуна багыт алган.

«Кадамжай-автожол» өткөрүү пунктунан чек ара көзөмөлүн өтүү учурунда Г.С., 1954 жылкы  М.О., аттуу жаранга тиешелүү паспортту көрсөткөн. Чек арачылар документтин ээсинин келбети менен паспорттогу сүрөттүн келишпестигин тапкан соң Г.С., аттуу жаранга сурамжылоо жүргүзүшүп, анын жүрүшүндө ал үйүнө баруу үчүн бөтөн паспортту колдонгонун мойнуна алган.

Документтер толтурулгандан кийин кармалган жаран КР ИИБ территориалдык бөлүгүнүн кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.