22.05.2020 12:40
Чет өлкөлөрдө 150дөн ашуун кыргыз жарандары коронавирус менен ооруп калышты
Бүгүнкү күндө чет өлкөдө жүргөн кыргызстандын жарандарынан COVID-19 илдетин жуктурган 154 учур катталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча Республикалык штаб кабарлады.
- Маалыматка караганда, эң көбү Орусияда чалдыккан.
- Россия – 105
- БАЭ – 7 (алардын ичинен 5 айыгып чыгарылган)
- Пакистан – 22 (бардыгы чыгарылган)
- Индия – 7 (1 каза тапкан, 6 чыгарылган)
- Испания – 1 (чыгарылган)
- Малайзия – 3 (чыгарылган)
- АКШ – 1 (чыгарылган)
- Өзбекстан – 1
- Греция - 1 (чыгарылган)
- Казакстан – 5 (4 - Бишкекте, 1 – Алматыда дарыланууда)
- Италия – 1
Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19 вирусун жуктуруунун 1350 учуру катталды. Ичинен 949 киши айыгып, ооруканадан чыгарылышкан. Ал эми ооруканаларда 387 бейтап жатышат. 4 жаран кайра жандандыруу бөлүмүндө. Илдеттен 14 киши көз жумган.
interface.main_news
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Дш ШшШр Бш Жм Иш Жш
Выбранная дата: