17.04.2018 10:48

Четтен билим алган кыргыз кыздар

20-апрелде жарандык активисттер митингге чыкканы жатышат. Алар жаш кыздарга сыртка чыгууга тыюу салууну демилгелешүүдө. Тактап айтканда, жашы 26га жете элек кыздар чет өлкөгө чыга албай калышы мүмкүн. Эгер коомдук активисттердин демилгеси колдоо тапса, дал ушундай мыйзам кабыл алынат. Ага каршы чыгып, жашка чектөө коюу менен аялдардын укугу тепселенип жатат дегендер да бар. Активисттер кыздар чет өлкөгө ата-энесинин же жакындарынын гана коштоосу менен чыгуусу керек деп сунушташууда. А бирок 26 жашка чейинки курак билим алуучу убак болгондуктан, улан-кыздар чет өлкөгө көп чыгышат. Четтен илим алып, тажрыйба топтоп келген кыздар тууралуу April.kg кабарчысы Айгөкүл Дайырбек кызынын материалында.