"Чыгыш-5" кичирайонунда жолдун жөө адамдар басчу бөлүгүн чала жасап калтырышкан

"Чыгыш-5" кичирайонундагы Кийизбаева көчөсү ремонттон толук өтпөй калган. Бул туурасында аталган райондун тургуну Дамир Дүйшөнбиев April.kg порталына билдирди.

Айтымында, 2017-жылы аталган көчөдө капиталдык ремонт иштери жүргөн. Бирок, жөө адамдар басуучу  бөлүк жарым-жартылай жасалып, 300 метрге жакын бөлүгү эски кейпинде кала берген. 

"Бул тротуарды жасаганга бөлүнгөн акча кайда кетти? Же жолчулар кымырып алганбы?" -  дейт нааразы болгон шаар тургуну.