28.03.2018 12:47

Чылым чегүүдөн өлкөдө жыл сайын 6 миң адам каза табат

  кальян (1 материал)
Чылым чегүүдөн өлкөдө жыл сайын 6 миң  адам каза табат

Кыргызстанда чылым чегүүгө байланышкан ар кандай оорулардан жылына 6 миң адам каза болот. Бул тууралуу маалымат жыйын маалында Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Бишкектеги кеңсесинин өкүлдөрү билдиришти.

Алардын маалыматы боюнча, Кыргызстандагы өлүм санынын 70% жакыны жугуштуу эмес оорулардан улам болот.

2014-жылкы изилдөөлөрдүн жыйынтыгында, 6 жылдын аралыгында 13-15 жаштагы өспүрүмдөр арасында чылым чеккендердин саны азайган. Бирок, эркек балдар арасында насыбай колдонгондор 2,5 эсеге, кыздар арасында 3 эсеге көбөйгөн.   

Ошондой эле, өспүрүмдөр арасында чегүүнүн башка түрү –кальян жайылып баратканы аныкталган. Бишкекте 13-15 жаштагы мектеп окуучуларынын 21 пайызы кальян чегишет.