16.10.2018 11:31

Чыңгыз Айдарбеков деген ким? Премьер-министр аны ТИМ башчылыгына сунуштады

Чыңгыз Айдарбеков деген ким? Премьер-министр аны ТИМ башчылыгына сунуштады

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тышкы иштер министри кызматына Чыңгыз  Айдарбековдун талапкерлигин сунуштады. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти. 

Өкмөттүн кайсы бир мүчөсү кызматынан бошогон шартта Премьер-министр Кыргыз Республикасынын Президентине Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөсүнүн бош кызматтык ордуна Кыргыз  Республикасынын Жогорку Кеңешинин жактыруусу  менен 5 иш  күнүнүн ичинде  дайындоо үчүн талапкерди сунуштайт.

Кыргыз Республикасынын Президенти Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин тиешелүү  токтому кабыл алынгандан кийин үч күндүк  мөөнөттө Кыргыз  Республикасынын Өкмөтүнүн  мүчөсүн дайындоо тууралуу жарлык чыгарат.

Маалымдама: Учурда Чыңгыз Айдарбеков Кыргыз Республикасынын Япониядагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу элчиси болуп эмгектенет. 41 жашта, Бишкекте туулган. 

1998-жылы Кыргызстандын эл аралык университетинин «Эл аралык байланыштар» боюнча адистигине ээ болгон. Кийин «Юриспруденция» боюнча магистратурасын бүтүрүп, магистратура денгээли ыйгарылган. 

Эмгек иш-аракетин 1998-жылы Тышкы иштер министрлигиндеги КМШ башкы Башкармалыгында атташе кызмат оордунда баштаган. 2001-2003 жж. Кыргыз Республикасынын ТИМнин КМШ башкы Башкармалыгынын үчүнчү, экинчи катчысы болуп кызмат өткөн.

2003-2005 жж. Кыргыз Республикасынын ТИМнин КМШ Башкармалыгында биринчи катчы.

2005-2008 жж. Кыргыз Республикасынын Өзбекстандагы Элчилигинде биринчи катчы (кеӊешчисинин бирдигинде). Кыргыз Республикасынынешчисинин бирдигинде). Кыргыз Республикасынын Өзбекстандагы иштери боюнча убактылуу ишенимдүү өкүлү.

2008-ж. Кыргыз Республикасынын ТИМнин КМШ Департаментинин көп тараптуу кызматташтык боюнча Бөлүмүнүн жетекчиси.

2008-2010 жж. Кыргыз Республикасынын Түркмөнстандагы Элчилигинин кеӊешчисинин бирдигинде Кыргыз Республикасыны кеңешчиси.

2011-ж. Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын тышкы байланыштар жана протокол Бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары.

2012-2016 жж. Кыргыз Республикасынын Жогорку кенешинин Аппаратынын эл аралык байланыштар жана протокол Бөлүмүнүн жетекчиси.

2016-жылдын апрелинен тартып Кыргыз Республикасынын Япониядагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси.

Эскерте кетсек,мурдагы министр Эрлан Абдылдаев өткөн аптада өз каалоосу менен кызматтан кеткен.