17.10.2018 17:42

Чыңгыз Айдарбеков тышкы иштер министри болуп дайындалды

Чыңгыз Айдарбеков тышкы иштер министри болуп дайындалды

Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон жарлыкка ылайык, бүгүн Чыңгыз Айдарбеков мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри болуп дайындалды.

Бүгүн Жогорку Кеңеш Айдарбековдун талапкерлигин 101 добуш менен колдогон. Буга чейинки министр Эрлан Абдылдаев өткөн аптада өз каалоосу менен иштен кеткен.

Чыңгыз Айдарбековдун өмүр таржымалы менен бул жерден тааныша аласыздар.