24.01.2019 12:02

Чуусу бүтпөгөн мамлекеттик цирк: артисттер массалык түрдө жумуштан кетүүгө даяр

Чуусу бүтпөгөн мамлекеттик цирк: артисттер массалык түрдө жумуштан кетүүгө даяр

Мамлекеттик цирктин 35 артисти массалык түрдө арызын жазышты. Жумуштан кеттик деген артисттер сынактарда алган грамота, кубок сыйлыктарын маданият, министрлигине тапшырып, коштошмой болду эле, ошол замат аларды сындап чыккандар да табылды. Артисттердин цирктин келечегин ойлоп жатабыз деген сөзүнө, Станиславскийче "Ишенбейм" деген башка кесиптештери чырдын кезектеги версиясын калың элге жайды.

April.kg эки тарапты тең угуп келди.