05.04.2018 09:44

Чүй мектеп-интернатынын тарбиялануучулары чет элдиктерге асыроого мыйзамсыз берилген

Башкы прокуратура Чүй мектеп-интернатынын тарбиялануучуларынын чет элдик жарандарга мыйзамсыз багууга берилиши боюнча кылмыш ишин козгоду.

Башкы көзөмөлдөөчү органдын маалымат кызматы билдиргендей, прокуратура менен УКМК окуу жайда текшерүү жүргүзүштү. Анын жыйынтыгында, 2018-жылдын 6-январында мектеп-интернаттын 9 жана 11 жаштагы эки тарбиялануучусу эч кандай уруксаат берүүчү документи жок эле, чет элдик жарандарга берилгени аныкталды.

«Кыздар 3 күн  бейтааныш чет элдик жарандар менен мейманканада жашашкан. Алардын физикалык жана психикалык саламаттыгына доо келтирүү тобокелдиктери бар болгонуна карабай, жанында интернат кызматкерлеринен эч ким болгон эмес. Бул кыздарды кыргыз жарандары багып алууну сурап жатышкан. Бирок, чет элдиктерге өткөрүлүп берилген», - деп айтылат билдирүүдө.

Жыйынтыгында, 304-берене менен кылмыш иши козголду.

18-январда КСДП фракциясынан депутат Ирина Карамушкина  парламенттин отурумунда Чүй мектеп-интернатынан кыздарды каршылыгына карабай, эл аралык асырап алуучулар менен тааныштырышканын, ал эми, жергиликтүү асырап алуучуларга кыздар ооруканада деп калп айтышканын билдирген.