10.05.2018 14:00

Чүй облусунда аз камсыз үй-бүлөлөргө жардам берилди

Чүй облусунда аз камсыз үй-бүлөлөргө жардам берилди

Чүй  облусуна караштуу Жайыл жана Ысык – Ата райондорундагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө  «Ас - Салам» фонду тамак-аш азыктарын, акчалай жардамдарын жана саан уйларды таратты. Бул туурасында муфтияттан билдиришти.

Кайрымдуулук  иш-чарасы Чүй облусунун мусулмандар казыяты тарабынан демилгеленип, ыйык Рамазан айынын урматына карата уюштурулган.

«Чүй облустук казыяты кайрымдуулук фонддор менен тыгыз кызматташып, кайрымдуулук иштерин өткөрүп келүүдө. Кийинки кайрымдуулук иштерин Рамазан айында уюштурууну пландап жатабыз»,-деди облус казысы Руслан ажы Жумагулов.