16.04.2018 13:50

Чүй облусундагы 3 абакты жабуу сунушу коомдук талкууга коюлду

Чүй облусундагы 3 абакты жабуу сунушу коомдук талкууга коюлду

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы Чүй облусундагы 3 абакты жабууну сунуштады. Алар Бишкектеги  №35, Новопавловка айылындагы №37 жана Аламүдүн районундагы №48-абактар. Тиешелүү токтом долбоору өкмөттүн расмий сайтында жарыяланды.

Жаза аткаруу кызматынын маалыматында, бул мекемелердин имараттарынын жарымынан көбү бош турат. Андыктан аталган колонияларда жаза өтөп жаткандарды башка жатак абактарга көчүрүү муктаждыгы жаралууда.

Ал эми бошоп калган мекемелерге инвесторлорду тартып, жаңы өнөр жайларды курса болот.  Ал ишке ашса, жаза мөөнөтүн өтөп чыккандарды иш менен камсыздоо маселеси да чечилмек дейт демилгечилер. Учурда долбоор коомдук талкууга чыгарылды.