22.11.2018 12:09
Чүй облусундагы Чоң-Кемин суусуна унаа кулап кетип, 2 адам каза тапты

© Sputnik
Чүй облусундагы Чоң-Кемин суусуна унаа кулап кетип, 2 адам каза тапты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Кырсык кечээ, 21-ноябрь күнү саат 16:34 чамасында болгон. «ГАЗ-53» үлгүсүндөгү унаа көпүрөдөн өтүп бара жатып Чоң-Кемин суусуна кулап кеткен.
Жол кырсыгынын кесепетинен 41 жаштагы М.А жана 42 жаштагы К.Б. аттуу жарандар жеринде каза болгон.
КР ӨКМнин №5 Өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары унаада кыпчылып каза болгон жарандардын жансыз денесин чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

interface.main_news
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Апрель 2025
Дш ШшШр Бш Жм Иш Жш
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
Выбранная дата: