17.10.2018 10:20

Чүй облусундагы Ленинское айылынын тургундарына газ кечке маал берилет

Чүй облусундагы Ленинское айылынын тургундарына газ кечке маал берилет

Чүй облусундагы Ленинское айылында айрым жашоочулардын үйүндө газ болбойт. Бул тууралуу «Газпром Кыргызстан» ишканасынан билдиришти. 

Маалыматка караганда, оңдоо жана калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүп жаткандыгына байланыштуу  бүгүн, 17 октябрда саат 17:00 чейин Ленинское айылынын Алма-Ата 493-609 көчөсүндө жаратылыш газын берүү токтотулат.