17.08.2018 13:16

Чүй облусунун Маевка айылында жаратылыш газы убактылуу өчүрүлөт

Чүй облусунун Маевка айылында жаратылыш газы убактылуу өчүрүлөт

Чүй облусунун Маевка айылында жаратылыш газы убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу «Газпром Кыргызстан» ЖЧКсынан билдиришти.  

Оңдоо жана калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүп жаткандыгына байланыштуу 22-23-августта Маевка айлынын Виноградная, Набережная, Новая 23-53 көчөлөрүндө аратылыш газы жок болот. 

«Оңдоо жана калыбына келтирүү иштери газ колдонуучуларды үзгүлтүксүз жаратылыш газы менен камсыз кылуу максатында жүргүзүлүүдө», -деп маалымдайт «Газпром Кыргызстан» компаниясынын коомчулук жана массалык маалымат каражаттары менен байланыш бөлүмү.