25.09.2018 15:06

Чүй проспектисинин бөлүгү унаа кыймылы үчүн ачылды

Чүй проспектисинин бөлүгү унаа кыймылы үчүн ачылды

Чүй проспектисинин 7-апрель кѳчѳсүнѳн Тѳрѳкул Айтматов кѳчѳсүнѳ чейинки бѳлүгү оңдоо иштеринен кийин унаа кыймылы үчүн ачылды. Бул туурасында Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгынан билдиришти. 

Маалыматта аталган бѳлүктѳ жол катмары тѳшѳлүп, жаңы жол жээк таштары орнотулганы айтылат. Бирок, жол белгилерин түшүрүү иштери дагы толук бүткөрүлө элек. Капиталдык оңдоо иштери «Бишкек шаарынын автомобиль жолдорунун жол катмарын калыбына келтирүү» долбоорунун алкагында жүргүзүлдү.

Ошондой эле, Лермонтов кѳчѳсүнүн Чүй проспектисинен Фрунзе кѳчѳсүнѳ чейинки бѳлүгүн ачууга даярдыктар жүрүп жатат. Бул жерде жол белгилери түшүрүлүүдѳ. Мындан тышкары, жакынкы күндѳрү Садырбаев кѳчѳсүнүн Гагарин кѳчѳсүнѳн Лев Толстой кѳчѳсүнѳ чейинки бѳлүгүнѳ жол белгилери түшүрүлѳт. Аталган бѳлүктѳ асфальт тѳшѳлдү.

Садырбаев кѳчѳсүнүн түштүк тарабы, Жайыл Баатыр кѳчѳсүнѳн Семетей кѳчѳсүнѳ чейинки бѳлүгүндѳ жолдун тѳмѳнкү катмарына асфальтбетон тѳшѳлдү.

7-апрель кѳчѳсүнүн чыгыш тарабында жол катмарын түшүрүү иштери жүргүзүлүп жатат. Оңдоо иштери Салиева кѳчѳсүнүн чыгыш тарабында, Садовая жана Ауэзов кѳчѳлѳрүнүн кесилишинде жүргүзүлүүдѳ. Осмонкул кѳчѳсүндѳ, Баялинов кѳчѳсү Исанов кѳчѳсүнѳн Тоголок Молдо кѳчѳсүнѳ чейинки бѳлүгүндѳ жол катмарын түшүрүү иштери кызуу жүрүүдѳ. Оңдоо иштери жүрүп жаткан Баялинов кѳчѳсүнүн башка бѳлүктѳрүндѳ оңдоо иштери жыйынтыкталды.

Оберон жана Күйүкова кѳчѳсүндѳ тротуарларды орнотуу иштери жүрүп жатат. Бул багыттагы иштер Тоголок Молдо кѳчѳсүндѳ дагы ѳткѳрүлүп жатат. Аталган бѳлүктѳ жол катмарын тѳшѳѳ иштери толук бүткѳрүлүп, жол белгилерин түшүрүү иштеринен кийин унаа кыймылы үчүн ачылат.