11.09.2018 08:30

Чүй жана Баткен облустарынын айрым аймактарында газ берүү убактылуу токтотулат

Чүй жана Баткен облустарынын айрым аймактарында газ берүү убактылуу токтотулат

Чүй облусундагы Аламүдүн айылында жана Баткен облусундагы Айдаркен шаарында көгүлтүр отун убактылуу өчүрүлөт. Бул  тууралуу «Газпром Кыргызстан» ЖЧКсынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 12-19-сентябрда Аламедин айылынын: Суу куруучулар, Алма-Ата, Набережная көчөлөрүнүн жана Аламедин дарыясынын кесилишкен аймагында; Панфилов, Кожожаш, Гоголь, Школьная көчөлөрүнүн кесилишкен аймагында; Иваницин 60, 60А дарегинде; “Шин Лайн” ЖЧКсында;

-14-сентябрда Айдаркен шаарында газ берүү убактылуу өчүрүлөт.

Газ берүү оңдоо жана калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүп жаткандыгына байланыштуу токтотулат.