08.08.2018 17:46

Чүй жана Бишкекте 10-15-август күндөрү жаратылыш газын берүү үзгүлтүккө учурайт

Чүй жана Бишкекте 10-15-август күндөрү жаратылыш газын берүү үзгүлтүккө учурайт

Бишкек шаарынын жана Чүйдүн айрым аймактарында 10-15-август күндөрү жаратылыш газын берүү үзгүлтүккө учурайт. Бул туурасында «Газпром Кыргызстан» ЖЧКсынын маалымат кызматынан билдиришти. 

Оңдоо жана калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүп жаткандыгына байланыштуу төмөнкү райондордо газ берүү токтотулат: 
- 10-августта саат 8:00-17:00 чейин Сокулук айылынын Ала-Арча, Ленин көчөлөрүндө;

- 13-августта саат 8:00-17:00 чейин Токмок шаарынын Береговая №55,57,59,61,63,65,67;
Комсомольская №175,177,179,181,183,185; Казахстанская 50,52,54,56,58,60 көчөлөрүндө;

-13-15-августта Бишкек шаарынын төмөнкү райондорунда: Чыгыш ЧЧК, Виноградная, темир жол (Путепроводная), Ауэзова, «Жанар» ЖЧКсы, «Реемтсма» ЖЧКсы, «Алтын Ажыдаар» ЖЧКсы, Чолпон-Ата көчөсүндөгү наабайканада, ТТС, курулуш бөлүктөрдүн комбинаты; Шабдан Баатыр 3,3/1,3/2;

- 13-15-августта Восток айылында.

Оңдоо жана калыбына келтирүү иштери газ колдонуучуларды үзгүлтүксүз жаратылыш газы менен камсыз кылуу максатында жүргүзүлүп жатканы айтылат.