20.07.2018 14:28

Чүйдө Албек Ибраимовду коргоо комитети түзүлдү

Чүйдө Албек Ибраимовду коргоо комитети түзүлдү

Чүйдүн Арашан айылында Бишкек шаарынын мурдагы мэри Албек Ибраимовду коргоо комитети түзүлдү, деп жазат «Азаттык». Комитеттин демилгечилеринин билдиришкенине караганда, ага айыл аксакалдарынан 10 адам кирди.

Бүгүн, 20-июлда эртең менен Чүйдүн Аламүдүн районуна караштуу Арашан айылында Албек Ибраимовдун тарапкерлери жыйын куруп, жалпысынан 50 чакты адам чогулду.

Алар Ибраимов негизсиз камалганын айтышты. Ошону менен катар УКМК кызматкерлери Ибраимовду кармап кетип жатканда анын күзөтчүлөрүн сабап, үйүндөгү видеокөзөмөл тасмаларын алып кеткенин белгилешти.

13-июлда Бишкек шаардык кеңеши Албек Ибраимовго ишеним көрсөтпөө тууралуу чечим кабыл алган. 19-июлда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин буйругу менен ал иштен бошотулган. Ушул эле күнү ал бир нече кылмышка шектелип УКМКнын тергөө абагына камалган.

УКМК Албек Ибраимовду колго түшүрүү маалында анын күзөтчүлөрү жабыркаганы тууралуу айыптоолорго азырынча жооп бере элек.