11.10.2018 10:15
Чүйдө колдонууга жарактуу курал-жарак катылган жер табылды
© КР УКМК
Чүй облусунун Озерное айылында курал-жарак катылган жер табылды, деп билдирет УКМК.
2018-жылдын 1-октябрында УКМК жүргүзгөн ыкчам-издөө иш чараларынын алкагында аталган айылда «Макаров» тапанчасы жана номерлери өчүрүлгөн «Иж» травматикалык тапанчасы, мылтык, ар кандай калибрдеги 77 ок жана желим октор табылды.
КР өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматынын корутундусуна ылайык курал-жарак жана ок-дарылар жарактуу болуп чыкты.
Учурда чогулган материалдар процессуалдык чечим кабыл алуу максатында КР УКМК башкы тергөө башкармалыгына жиберилди.
interface.main_news
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Дш ШшШр Бш Жм Иш Жш
Выбранная дата: