Дагы 10 учур. Кыргызстанда коронавируска 280 киши чалдыкты
Бүгүн, 9-апрелге карата Кыргызстанда COVID-19 инфекциясын жуктурган жаӊы 10 учур катталды. Бул тууралуу коронавируска каршы туруу боюнча Республикалык штаб кабарлайт.
Маалыматка караганда, 10 кишинин ичинен экөөсү дарыгерлер.
- Бишкекте – 1
- Ош облусу, Ноокат районунда – 1
- Ош ш. – 3
- Жалал-Абад облусунда (Сузак району – 4, Аксы району – 1 ) – 5
- Жаӊы катталган учурлардын ичинен 2 медкызматкерде аныкталды. Алардын жалпы саны – 34.
Ошентип Кыргызстанда жалпы тастыкталган учурлардын саны 280 кишиге жетти.
- Жалал-Абад облусунда – 86
- Ош облусунда – 98
- Чүй облусунда – 7
- Баткен облусунда – 4
- Ош ш. – 36
- Бишкек ш. – 36
- Нарын облусунда – 10
- Ысык-Көл облусунда – 3
- Медицина кызматкерлери жалпы: 34, жаӊы – 2 учур (Ош ш., Аксы району).
Катталган учурлардын ичинен: 147 –аял, 133 – эркек, жаӊы 10 учурдун ичинен 3 аял, 7 эркек.
COVID-19 вирусу лабораториялык тастыкталган оорулуулар менен байланышта болгон адамдар – 6268 (байланышта болгондордун саны эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө өзгөрүшү ыктымал):
- Жакын байланыштар (I категория) – 1058
- Башка байланыштар (II категория) – 5210
Кыргызстанда COVID-19 вирусунун жайылышынын алдын алуу максатында Коопсуздук кеңешинин чечими менен жалпы билим берүүчү мектептердин окуучулары 16-марттан баштап эс алууга таратылган. Республика боюнча 18-марттан тартып өзгөчө кырдаал, ал эми коронавирус катталган айрым аймактарга 25-марттан баштап өзгөчө абал киргизген.
Ал эми 25-марттан тартып Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында жана Сузак, Ноокат, Кара-Суу райондорунда өзгөчө абал жарыялаган.
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Выбранная дата: