Дагы 19 учур аныкталып, коронавируска чалдыккандар 631 киши болду

Дагы 19 учур аныкталып, коронавируска чалдыккандар 631 киши болду

Бүгүн, 23-апрелге карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 19 учур катталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.

Жаңы катталган учурлардын ичинен:

Бишкек ш. – 8
Чүй облусу – 4
Ош ш. – 4
Ош облусу – 3

Жалпысынан коронавируска чалдыккандардын саны 631 кишиге жетти. Ичинен 302 бейтап ыйыгып, үйлөрүнө чыгарылса, 8 жаран илдеттен көз жумган.

Учурда стационарда – 321, алардын ичинен 5 адам реанимацияда жатканы кабарланат.  

Коронавирус коркунучунан улам 25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилген.

14-апрелде өзгөчө абалдын мөөнөтү 30-апрелге чейин узартылып, жогорудагы аймактардын катарына Нарын шаары жана Нарын облусунун Ат-Башы району да кошулду. Мындай жардыкты президент чыгарып, Жогорку Кеңеш колдоду.