Дагы 6 дарыгер илдетке чалдыкты. Жалпы 140 медицина кызматкери ооруп калышты
Бир сутка ичинде 6 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алган. Бул тууралуу бүгүн, 20-апрелде саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.
Маалыматка караганда, Жалал-Абад облусунда – 3, Ош шаарында – 1, Нарын облусунда – 1, Бишкек шаарында – 1 учур. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 140 учур катталды.
Белгилей кетсек, 20-апрелге карата республика боюнча тастыкталган СOVID-19 инфекциясынын жаңы 14 учуру катталды. Коронавирусту жугузгандардын жалпы саны 568 кишиге жетти. Жалпысынан республикада COVID-19дан 7 адам каза болду.
- Жалал-Абад облусу – 105
- Ош облусу – 147
- Ош ш. – 87
- Чүй облусунда – 32
- Бишкек ш. – 115
- Баткен облусунда – 6
- Нарын облусу – 68
- Ысык-Көл облусунда – 8
- Алардын ичинен 311 – аял киши, 257 – эркек киши.
Коронавирус коркунучунан улам 25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилген.
14-апрелде өзгөчө абалдын мөөнөтү 30-апрелге чейин узартылып, жогорудагы аймактардын катарына Нарын шаары жана Нарын облусунун Ат-Башы району да кошулду. Мындай жардыкты президент чыгарып, Жогорку Кеңеш колдоду.
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Выбранная дата: