Дагы бир медициналык борбор карантинге жабылды. Себеп дарыгери илдет жуктурган
№13 Үй-бүлөлүк медицина борборунун аймактык дарыгеринен коронавирус табылган. Бул тууралуу илдетке каршы туруу боюнча Республикалык штаб кабарлайт.
Маалыматка караганда, үй-бүлөлүк медицина борборунун аймактык дарыгери үй карантинде болгон, кийин андан коронавирус табылган.
“Азыр ал жаран жугуштуу оорулар ооруканасында дарыланууда. Дарыгерден эки жолу COVID-19 вирусуна анализдер алынып, жыйынтыктары терс болуп чыкты. Ленин районундагы ҮМБ жетекчилиги чечим чыгарып, №13 ҮМБ кызматкерлеринин жана ал жакка караштуу калктын коопсуздугу үчүн дарыгерди үй карантинине жиберишти”, - деп айтылат маалыматта.
Учурда поликлиникада тазалоо иштери жүргүзүлгөнү кабарланат. Министрликтин маалыматына караганда, 19-апрелден баштап №13 ҮМБ штаттык тартипте иштей баштайт.
Жалпысынан Кыргызстанда СOVID-19 инфекциясына 506 киши чалдыкты. Ичинен 116сы медицина кызматкерлери.
Коронавирус коркунучунан улам 25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилген.
14-апрелде өзгөчө абалдын мөөнөтү 30-апрелге чейин узартылып, жогорудагы аймактардын катарына Нарын шаары жана Нарын облусунун Ат-Башы району да кошулду. Мындай жардыкты президент чыгарып, Жогорку Кеңеш колдоду.
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Выбранная дата: