04.05.2018 13:51

Дамирбек Асылбек уулун камакта кармоо мөөнөтү узартылды

Дамирбек Асылбек уулун камакта кармоо мөөнөтү  узартылды

Мурунку эл өкүлү Дамирбек Асылбек уулу 16-майга чейин камакта калат.  Бул тууралуу бүгүн Алма-Ата соту кабарлады.

Дамирбек Асылбек уулу жана дагы 2 кыргыз жараны Казакстандын Кылмыш-жаза кодексинин “Евразия экономикалык биримдигинин бажы чек арасы аркылуу ири өлчөмдөгү товар жана башка предметтерди алып өтүү” жана “Трансулуттук уюшкан топко же трансулуттук кылмыштуу топко аралашуу” беренелери боюнча айыпталууда.

Алар  Казакстандын түштүк аймактарында 15-16-февраль күндөрү өткөрүлгөн атайын операциялар маалында кармалган. 

17-февралда Алма-Атанын Алмалы райондук соту депутат Дамирбек Асылбек уулун, аны менен бирге кармалган Улан Мурадиловду жана Чыңгыз Абакировду эки айга камакка алуу чечимин чыгарган.

16-апрелде Кыргызстандын Боршайкому Асылбек уулунун казак жарандыгы бар экендиги тууралуу маалыматтардан улам аны депутаттык мандаттан ажыраткан.