02.12.2019 15:12
Дарья Маслова Токио-2020 Олимп оюндарына жолдомо алды
Кыргызстандык жеңил атлет Дарья Маслова Токио-2020 Олимп оюндарына жолдомо алды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик билдирет.
1-декабрда Валенсия (Испания) шаарында өткөн эл аралык лицензиялык марафондо Д. Маслова олимпиадалык нормативден өтө алган.
Тагыраагы, Дарья Маслова аталган марафондо 2 саат 28 мүнөт 19 секундда марага жеткен. Марафонго олимпиадалык норматив 2 саат 29 мүнөт 30 секунданы түзөт.
2020-жылы Токиодо өтө турган Олимп оюндарына кыргызстандык спортчулар жалпысынан беш жолдомо алган. Алар: балбандар Айсулуу Тыныбекова, Атабек Азизбеков, сууда сүзүүчү Денис Петрашов (эки жолдомо) жана жеңил атлет Юлия Андреева.
interface.main_news
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Дш ШшШр Бш Жм Иш Жш
Выбранная дата: