28.03.2018 17:55

Дайыр Кенекеев: Техниканы лизингге берүү маселесин министрликтер кечиктиришет

Дайыр Кенекеев: Техниканы лизингге берүү маселесин министрликтер  кечиктиришет

Сапар Исаков бүгүн 2018-жылдын жазгы талаачылык иштеринин жүрүшү боюнча облус жана район жетекчилеринин катышууусунда селектордук кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу Өкмөт Аппаратынан кабарлашты. 

Премьер-министр жазгы талаа иштерин өз убагында жана сапаттуу жүргүзүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.

 Вице-премьер-министри Дайыр Кенекеев 2017-жылдын жыйынтыгы боюнча айыл чарба продукциясынын дүң жыйыны 207,4 млрд сомду түзүп, өсүү темпи 2016-жылга салыштырмалуу 102,2% түзгөнүн маалымдады.

Ал белгилегендей үстүбүздөгү жылы аба ырайынын шартына байланыштуу жазгы талаа иштери 2017-жылга салыштырмалуу эки жумага эрте башталды.

 «2018-жылы республика боюнча айдоо 584,1 миң гектар жерге пландалган. Бүгүнкү күндө 123,3 миң гектар жерде жумуштар аткарылды, бул жалпы пландын 21,1% түзөт», - деди Дайыр Кенекеев.

 Аны менен катар вице-премьер-министр өлкөдөгү айыл чарба техникаларынын дээрлик 80% эскилиги жеткенин белгиледи, буга байланыштуу дыйкандарга жана фермерлерге лизингдик насыяларды берүүнү активдештирүү жана кеңейтүү зарылдыгын баса белгиледи.

 «Техниканы лизингге берүү үчүн тийиштүү каражаттар бар, бирок көп учурда тиешелүү министрликтер жана жергиликтүү бийликтер аталган маселени чечип берүүнү кечиктиришет», - деди Дайыр Кенекеев.