03.04.2018 13:10

Декларация тапшырган жарандардын саны былтыркыга караганда көп болду

Декларация тапшырган жарандардын саны былтыркыга караганда көп болду

Кечээ, 2 апрелде Бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуу иштери жыйынтыкталды. Эске салсак, 1 апрель- жекшемби күнгө туш болгондуктан,  жарандардын мүлктөрү тууралуу  айкындамаларды кабыл алуу убактысы 2 -апрелге чейин жылдырылган болчу.

Мындан улам салык кызматынын башкармалыктары кечээ түн жарымга чейин жарандарды кабыл алышты. Бишкек шаарындагы Свердлов райондук салык башкармалыгынын өкүлдөрүнүн айтымында, декларация тапшыргандардын саны былтыркыга салыштырмалуу  көп болгон.

Айтымдарында, декларация кабыл алуу кампаниясы дээрлик 100 пайызга аткарылды. Белгилей кетсек, салык декларациясын тапшырбаган жарандарды айып пул күтөт.  Юридикалык жактар 10 миң сом, ал эми жеке жактар 2 миң сомдук административдик жоопкерчиликке тартылышат.