27.04.2018 18:32

Дем алыш күндөргө карата аба ырайы

Дем алыш күндөргө карата аба ырайы

28-30-апрелде Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. 29-апрелде түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 5-10 м/с. 30-апрелде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Бул туурасында Кыргызгидромет билдирет.

28-30-апрелде Ош шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 30-апрелде 14 метрге жетиши күтүлөт. 

Кыргыз Республикасы боюнча күтүлгөн аба-ырайынын болжолу:

Өлкөдө 28-апрелде жаан-чачын күтүлбөйт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 5-10 м/с.


29-апрелде жаан-чачын күтүлбөйт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 5-10 м/с. 30-апрелде жаан-чачын күтүлбөйт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 17-22 метрге жетиши күтүлөт.