26.09.2018 14:50

Депутат Бахадыр Сулейманов кош жарандуулукка айыпталды

Депутат Бахадыр Сулейманов кош жарандуулукка айыпталды

Парламентте акыйкатчылыкка талапкерлерди тандоо учурунда талапкер Токон Мамытов менен «Ата Мекен» фракциясынын депутаты Бахадыр Сулеймановдун ортосунда кайым айтышуу орун алды.

Эл өкүлү Мамытовдун кабарчыларга «Сулейманов чет элдик тыңчы жана башка өлкөнүн жараны» деп айтканын  эскертти. «Эгер сизде ушундай факт болсо, эмне үчүн документтерди көрсөтпөйсүз?»- деди депутат.

«Сизди агент деп мен айткан эмесмин, бул теманы сиз көтөрүп жатасыз. Сиздин башка өлкө жараны экениңиз тууралуу материалдар болсо менде бар. Алар эки ай мурун БШКга берилген. Бир нече күн мурун бул документтердин баары  чогултулуп, Башкы прокуратурага жана ИИМге берилди», - деп жооп берди Мамытов.

Депутат СССР жараны болгонун, союз ыдырагандан кийин Кыргызстанда жашап, жарандык алганын белгиледи.