25.10.2018 17:16

Депутат Бакыт Төрөбаев ар бир төрөлгөн балага депозит ачууну сунуш кылды

Депутат Бакыт Төрөбаев ар бир төрөлгөн балага депозит ачууну сунуш кылды

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутат Бакыт Төрөбаев ар бир төрөлгөн балага депозит ачууну сунуш кылды. Бул туурасында парламенттин маалымат кызматынан билдиришти. 

Депутат Бакыт Төрөбаев жакында аймактык-административдик реформа жөнүндө Жарлык чыккандыгына токтолуп, анда урбанизация маселесине же шаарлардын ролун жогорулатууга көңүл буруу зарылдыгын чечмелеп берди.

Анын айтымында, шаарларды өнүктүрүү үчүн адам саны дагы маанилүү ролду ойнойт. Буга байланыштуу ар бир төрөлгөн балага депозит ачуу керек. Бала 18 жашка толгондо окуусуна же иш баштоосуна түрткү болот.

Ал ошондой эле, иш орундарын түзүп берүү менен жөлөк пул алгандардын санын азайтууну сунуштады. Депутаттын маалыматына караганда, учурда Кыргызстанда  340 миң киши жөлөк пул алат.

«Алардын санын кыскартып, иш орундарын түзүп беришибиз керек. Ошондо алар мамлекеттен акча албай, салык төлөп бюджетти толукташат», -деди Бакыт Төрөбаев.