13.09.2018 11:22

Бишкек шаарынын райондорунун бирине Чыңгыз Айтматовдун ысымын ыйгаруу сунушталды

Бишкек шаарынын райондорунун бирине Чыңгыз Айтматовдун ысымын ыйгаруу сунушталды

Депутат Бишкек шаарынын райондорунун бирине Чыңгыз Айтматовдун ысымын ыйгарууну сунуштады. Бүгүн Жогорку Кеңештин отурумунда Ата-Мекен фракциясынын депутаты Эмил Токтошев Кыргызстан залкар жазуучунун 90 жылдык мааракесине карата көзгө көрүнөөрлүк иш кылбаганын айтып өттү. 

«Башка мамлекеттер көчөлөрүнө улуу жазуучунун ысымын ыйгарып атышат. Биз болсо, форум, жыйын менен чектелип жатабыз. Форум - бул сөз, эртең эле  унутулуп калат. Улуу жазуучунун урматына эсте калаарлык из калтырбайлыбы? Улуу жазуучу өзү «Бостери айылында бир жерге маданий борбор курсам» деп айтып, кыялданып жүрчү экен. Эмнеге ошону аткарбайбыз? Же Бишкектеги эски прокуратуранын имаратынын ордун берсек, жакшы маданий борбор салынса, борбордук аянтка келген коноктор андан ары жөө басып барып, көрүп кетмек. Орустар өз шаарларынын аттарын которуп алып атышат. Биз төрт райондун атын кыргызчалай албай отурабыз. Бир көчөнүн атын бердик, аныбыз да бир чолок көчө», -деди эл өкүлү.