29.03.2018 12:00

Депутат эл өкүлдөрүнө KG-номерлерди кайра кайтарып берүүнү суранды

Депутат эл өкүлдөрүнө  KG-номерлерди кайра кайтарып берүүнү суранды

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов эл өкүлдөрүнө KG-номерлерди кайтарып берүүнү суранды. Бул тууралуу ал парламенттин отурумунда билдирди.

Депутаттар кызматтык унааалардан баш тарткан менен, номерлер керек экенин белгиледи. Айтымында,  депутаттык номерди көрүп, шайлоочу эл өкүлү  келгенин биле алат.  

«Жолдо тоскоолдуктар жаралбаш үчүн дагы номер керек. Шайлоочулар номерди көрүп, келген адам алар шайлаган депутатпы же жокпу, биле алышат», – деди Икрамов. Ошондой эле, эл менен кездешүүгө бараарда номерди өзүнүн менчик унаасына же таксиге кадап ала турганын кошумчалады.

«Эгерде депутаттарга номерлерди кайра кайтарбасаңар, анда өкмөт дагы алардан баш тартып, жөнөкөй номерге өтсүн», -деген талап койду.