28.09.2018 15:13

Депутат Иса Өмүркулов: Өкмөт эскиче иштеп, ошондон улам экономика өнүкпөй жатат

Депутат Иса Өмүркулов: Өкмөт эскиче иштеп, ошондон улам экономика өнүкпөй жатат

Жогорку Кеӊештин КСДП фракциясынын кезектеги жыйынында Өлкөнүн экспорттук мүмкүнчүлүгүн өнүктүрүү багытында Өкмөттүн аткарган иши, Бизнести жүргүзүү (Doing Business) жана Глобалдык атаандаштыкка туруштук берүү индекси (The Global Competitiveness Index) рейтингдеринде Кыргызстандын көрсөткүчтөрү жөнүндө маселе каралууда. Жыйынга вице-премьер-министр Замирбек Аскаров баштаган өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери катышууда.

Вице-премьер-министр Замирбек Аскаровдун айтымында, Кыргызстандын айыл чарбасы менен тигүү өнөр жайынын өнүмдөрү негизинен экспортко багытталган. «Биз тигүү өнөр жайына патент киргизгенден кийин экспорттун көлөмү кыйла өскөнү байкалды. Азыр Кыргызстанда тигилген кийим-кечелер Россиянын базарларында эле эмес, маркеттерде да сатылып жатат», - деди ал.

КСДП фракциясынын башчысы Иса Өмүркуловдун пикиринде, жалгыз айыл чарбасы менен тигүү өнөр жайын карап отура бербей, тамак-аш сындуу тармактарды да экспортко чыгаруу жолдорун караштыруу зарыл. «Кыргызстан ЕАЭБ алкагынан четтеп калуу коркунучу бар, биз андан сүрүлүп калбашыбыз керек. Коӊшу өлкөлөр өз товарларын Кыргызстандын базарына толтуруп салды. Мисалы, Беларустан сүт азыктары келүүдө, а эртеӊ чегара жабылып калса эмне болот? Биз азык-түлүк коопсуздугун камсыз кыла алабызбы?», - деди ал. Ал Өкмөттүн эскиче иштеп, стратегиясы жок экенин, ошондон улам экономика өнүкпөй, ири ишкерлер четке кетип жатканын кошумчалады.

Ал эми депутат Ирина Карамушкина аймактарда жерди отоо басып, ишканалар жабылып жатканын айтып, Өкмөттө кадрдык тазалоо зарылдыгын белгиледи. «Көп кызматкерлердин мүмкүнчүлүгү чектелүү, башка бирөөнүн мойнунда отурушат. Кимдир бирөөлөр жетелеп келген жек-жаатыӊарды калкалаганды токтоткула. Алардан тезинен кутулуп, дасыккан адистерди тартыш керек. Президент аймактарды өнүктүрүүгө даяр, бирок мындай кадрлар менен аны ишке ашыра албайбыз. Айрыкча Айыл чарба министрлигинин ишине көӊүл бурулууга тийиш», - деди ал.