Депутат Исхак Пирматов: Кыргызстанга келген мигранттар патент төлөшөт
Коңшу өлкөлөрдүн жарандары Кыргызстанда иштөө үчүн патент сатып алышы керек. Тиешелүү мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште сунушталууда. Бул тууралуу 24.kg маалымат агенттиги жазып чыкты.
Демилгечи Исхак Пирматовдун билдирүүсүндө, коңшу өлкөлөрдүн жарандары өлкө аймагында 60 күн визасыз жүрө алышат.
«Айрыкча чек арадагы райондорго коңшу Тажикстан жана Өзбекстандын жарандары келип сезон учурунда иштеп кетишет. Алар Бишкек, Ысык-Көлгө чейин иш издешет. Аларды жергиликтүү милиция коркутуп-үркүтүп, акчасын тоногон учурлар кездешет. Андыктан биз аны мыйзамдаштырып, акчаны бирөөнүн чөнтөгүнө эмес, жергиликтүү бюджетке түшүшүн сунуштайбыз. Ар бир райондо салык кызматы бар», — дейт Исхак Пирматов.
Депутат аны менен чек арадагы райондордун бюджетин толуктоого кошумча булак пайда болорун белгилейт.
Тажикстан жана Өзбекстандын жарандары чек арадагы райондордо талаа жумуштарында, Бишкекте курулуш жаатында иштешет.
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Выбранная дата: