18.07.2018 16:54

Депутат Канат Исаев үй камагына чыгарылды

Депутат Канат Исаев үй камагына чыгарылды

Бишкек шаардык соту бүгүн, 18-июлда ЖК депутаты Канат Исаевдин баш коргоо чарасын өзгөрттү. Бул туурасында April.kg порталына анын жактоочусу Сергей Слесарев билдирди.

Анын айтымында, бүгүн жактоочу Бакыт Осмоналиевдин өтүнүчү менен Бишкек шаардык соту депутаттын кошумча тергөө учурунда камактан калуусун карап чыгып, аны үй камагына өзгөрттү. Исаев түз эле сот залынан бошотулду.

Эске салсак, Канат Исаевге Башкы прокуратура тарабынан 2017-жылдын 30-сентябрь күнү "кылмышка даярдануу", "массалык баш аламандык" жана "бийликти күчкө салып тартып алуу же бийликти күч менен кармап туруу" беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, УКМК тарабынан кармалган. 5-июлда Биринчи Май райондук соту депутат Канат Исаевдин мурунку баш коргоо чарасын күчүндө калтырып, ишти кайра тергөөгө жөнөткөн.

Буга чейин Исаевге козголгон дагы бир кылмыш иши мөөнөтү өтүп кеткендиктен 28-июнда токтотулган. Мындай чечимди Бишкек шаардык соту чыгарган. Исаев 2008-2010-жылдары Токмок шаарынын мэри кызматын аркалап турганда "пара алууга жол берген жана кызмат абалынан пайдаланган" деп айыпталган.