27.03.2018 12:39

Депутат Канат Исаевди сот дагы бир ай камакта калтырды

Депутат Канат Исаевди сот дагы бир ай камакта калтырды

Биринчи Май райондук соту Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаевди дагы бир айга камакта калтырды. Бул тууралуу анын жактоочусу Бакыт Осмоналиев билдирди.

"Баш коргоо чарасынын мөөнөтү 30-мартта аяктамак. Кечээ, 26-мартта райондук сот карап, тергөө иштери аяктаганы менен тараптарга иш менен таанышууга мөөнөт керек экенин эске алып, 30-апрелге чейин узартты", -дейт жактоочу.

Эскерте кетсек, Башкы прокуратура тарабынан 2017-жылдын 30-сентябрь күнү Канат Исаевге "кылмышка даярдануу", "массалык баш аламандык" жана "бийликти күчкө салып тартып алуу же бийликти күч менен кармап туруу" беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, УКМК тарабынан кармалган.

Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту ушул жылдын 4-январында Канат Исаевди 2008-2010-жылдар аралыгында Токмок шаарынын мэри кызматын аркалап турганда "пара алууга жол берген жана кызмат абалынан пайдаланган" деп 12 жылга эркинен ажыраткан. Ошондой эле мүлкүн конфискациялоо менен бирге жазасын өтөгөн соң 3 жылга чейин мамлекеттик кызматтарда иштөөгө тыюу салган. Соттун чечимине макул болбогон жактоочулар  шаардык сотко даттанышкан.