14.03.2019 13:13

Депутат Карамушкина УКМКнын ишине укуктук баа берүү өтүнүчү менен башкы прокурорго кайрылды

Депутат Карамушкина УКМКнын ишине укуктук баа берүү өтүнүчү менен башкы прокурорго кайрылды

Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина бүгүн парламент отурумунда башкы прокурорго расмий кайрылуу жолдоду. Анда эл өкүлү Өткүрбек Жамшитовдон КСДП мүчөлөрүнүн жеке маалыматтарына кызыккан УКМКнын Жети-Өгүз райондук бөлүмүнүн начальниги К. Табалдиевдин аракетине укуктук баа берүүнү суранды. 

Анын айтымында, УКМКнын Жети-Өгүз райондук бөлүмүнүн начальниги К. Табалдиев 6-мартта Жети-Өгүз районунун паспорттук столунун башчысы Ж.А. Бейшеевага кат жүзүндө кайрылып, 18 адам боюнча Ф-1 көчүрмөлөрүн берүүнү сураган. Бул 18 адам тең КСДПнын облустагы партиялык конференциясынын катышуучулары болгон. 

«Биздин партиялык активисттер УКМКнын бул аракетин КСДПнын аймактык партиялык конференцияларын жана  партиянын 6-апрелге белгиленген 18-съездин өткөрүүнү үзгүлтүккө учуратуу үчүн аларга көрсөтүлүп жаткан түздөн түз кысым катары кабыл алышат. Бизге түшүп жаткан маалыматтарга караганда, башка облустагы активисттерибиздин ишмердигине да ар кандай тоскоолдуктар болуп жатыптыр», -деп билдирди Карамушкина. 

Ал ошондой эле, КСДПнын мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарда иштеген тарапташтарын жумуштан кетирүү жүрүп жатканын кошумчалады. 

«Биз башкы прокурор Жамшитовго УКМК мыйзамды так жана бир ыңтай аткарып жатканын көзөмөлдөөнү  жана комитеттин Жети-Өгүз райондук бөлүмүнүн ишине укуктук баа берүүнү сурап кайрылабыз. УКМКнын төрагасы Кадыркуловдон өзүнүн кызматкерлеринин арасында тиешелүү иш жүргүзүүнү өтүнүп, январь айынан бери жаңы кодекс боюнча кызматтык жана коррупциялык кылмыштарды тергөө улуттук коопсуздук органдарына тиешеси жок экенин эскертип кетебиз. Партиянын активисттерин жана Алмазбек Атамбаевди колдогондорду куугунтуктаганды токтоткула. Болбосо, бийлик бул иш-аракети менен коомдогу тынчтыкты буза турган куралга айланып калды», -деди Карамушкина.

Эскерте кетсек, УКМК бул факт боюнча кызматтык териштирүү башталганын билдирген. Божомолдорунда,  К. Табалдиев УКМКнын Жети-Өгүз райондук бөлүмүнүн начальниги кызматына бир ай мурун гана дайындалгандыктан, аймактагы  кырдаал менен таанышуу максатында сурашы мүмкүн.