16.10.2018 10:50

Депутат Кылычбек Султандын ТИМ тууралуу айткандарын комитет жыйынында кароону сунуштады

Депутат Кылычбек Султандын ТИМ тууралуу айткандарын комитет жыйынында кароону сунуштады

Бүгүн, 16-октябрда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында КСДП фракциясынан депутат Ирина Карамушкина Кылычбек Султандын Тышкы иштер министрлигинин кемчиликтери тууралуу жасаган билдирүүсү боюнча маселени күн тартипке киргизүүнү сунуштады.

«Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети болгондон кийин мурдагы элчинин Тышкы иштер министрлиги тууралуу билдирүүсүн карашыбыз керек. Анын айткандары боюнча канчалык деңгээлде далилдер бар? Бул күчтүү билдирүү. Ал ошол сөздөрдү жоопкерчиликти түшүнүү менен айткан. Бул маселени күн тартибине киргизүү же комитет комиссия түзүшү керек», - деди Карамушкина.

Комитеттин төрагасы Исхак Пирматов бул маселе кийинки жыйындын күн тартибине киргизиле турганын билдирди.