02.10.2018 17:15

Депутат: Кулматовду «Калыс-Ордодогу» мектеп боюнча камап коюшту. Мектеп турат го?

Депутат: Кулматовду «Калыс-Ордодогу» мектеп боюнча камап коюшту. Мектеп турат го?

Бүгүн Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш комитетинин отурумунда  депутат Данияр Аттокуров Кубанычбек Кулматовдун камакта отурганына нааразычылыгын билдирди.

«Калыс-Ордо» конушунда Кулматовдун демилгеси менен жакшы мектеп салынды, ал эми экс-мэрди мектеп салганы үчүн камап коюшту, муну кандай түшүнсө болот?», -деп суроо салды эл өкүлү. 

«Ал сонун мектеп болду:заманбап, спорт залы бар, коридору кенен»,-дейт депутат. Ал ошондой эле, ушундай жакшы мектептердин салынышын каалай турганын билдирди. 

Эскерте кетсек, УКМК Кулматовго «Бишкек мэри болуп турган кезде, кытайлык TBEA компаниясы тарабынан аймактарга эки жаңы мектеп курууга берилген 2 млн. доллар гранттык каражатты Бишкектеги «Калыс-Ордо» жаңы конушу мектепке муктаж деген шылтоо менен өкмөттүн бюджетинен мэриянын казынасына котортуп алган» деп айыптап, 5-июнда камакка алган.

Кулматов өзү  акча мэрияга накталай түшпөгөнүн, кытайлык компания аны дароо  куруучу компаниянын  эсебине которгонун билдирген болчу. 

«Ошко, балким, Чүй облусуна жумшалчу каражатты Бишкек шаарындагы «Калыс-Ордо» конушуна мектеп салууга которуп кетти деп күнөөлөгөн туура эмес. Зыян тууралуу айта турган болушса, анда канча зыян келтиргенимди баалаш керек биринчи.  Анан да акчаны аялыма которуптурмун. Мындай айыптоонун өзү күлкүлүү. «Калыс-Ордодогу» мектепти барып көрүп келгилечи, андай мектеп Кыргызстан боюнча бирөө гана», -деген Кулматов.